super.kg logo

Кара-Сууда орун алган жер титирөөдөн кийин тургундар айылда спирт ичимдиктеринин сатылуусуна каршы чыгышкан

 

Кара-Суу районунун Мады, Аксынын Мундуз айылында спирт ичимдиктерин сатууга чек коюлду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын ноябрь айында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам Тээке айылынын тургундары дүкөндөрдөгү спирттик ичимдиктерди жок кылуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Катуу жүргөн селден улам Лаглан айылындагы спирттик ичимдиктер көп сатылган дүкөн кыйроого учурап, товарлары сууга агып кеткен. Бир нече үй зыянга учураган.

Айылдыктар жаратылыш кырсыктарынын көп болушун ислам дининде тыюу салынган спирт ичимдиктерин адамдар ичип, жаман жолдорго барып жатканы менен түшүндүрүшкөн. Учурда Лаглан айылында 70 кожолукта 350 адам жашаса, Тээке айылында 50 кожолукта 200 адам жашайт.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында болгон жер титирөөдөн улам Тээке айылында 22 үй 4-даражада зыянга учураган.

Ал эми Аксынын Мундуз айылында 3 жылдан бери спирт ичимдиги сатылбайт.

"Мундуз айылында 3 жылдан бери спирт ичимдиги сатылбайт. Биздин эл абдан ынтымактуу. 3 жыл мурда жума намазында элди чогултуп, имамдар ушул маселени көтөрүшкөн. Көтөрүлгөн маселени эл колдоп, азыркы убакта бир дагы дүкөндө спирт ичимдиги сатылбайт. Айрым учурларда атайын кыдырып, көзөмөлдөп турабыз", - дейт Мундуз айылынын айыл башчысы Жеңиш Мырзаев.

Белгилей кетсек, Мундуз айылында 200 кожолукта 1150 адам жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
29.06.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мынча жакшы. Жакшы жанылык да угат экенбиз го. Элди ыйманга чакырыш керек. Ошондо кырсыктан кудай озу сактайт.
29.06.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшы жанылык бугун ушул жерден окудум.
29.06.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым суйгон пенделер жашашат экенда баары кана эле биздинда Каракулжа районубузда ушундай болсо чындап суктанып кеттим ошол айылдын жашоочуларына....
29.06.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кундун жакшы жанылыгы болду,орозо маалында ушуга окшогон жаман иш адаттардын башаты болгон атын очкур аракты жок кылгандары.
29.06.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото сонун жанылык.Аллах колдосун каршы чыккандарды
29.06.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спирт ичимдиктерин тыюу салганын колдойм.Бирок жер титирегенге кандай тийешеси бар.
29.06.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rahim76, адамдар ошол жинди суу ичип жаман жолдорго барышууда,бул аллага да жакпайт,ошон учун табият кырсыктары болуп жатат деп спирт ичимдиктерин сатууга тыйуу салып жатышат.
29.06.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм Мадыдагы дүкөндөрдө дале болсо спирттик ичимдиктер сатылып эле жатат. Жолдун боюндагы дүкөндөрдө. Билбейм анан айылдын ичкер жагында эле сатылбай калбаса.
29.06.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сооонннун жанылык. Ушундай жанылыктар кооооооп болсо экен.
30.06.2016. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
МММ муфтият башкарып калган турбайбы элди. Муну кандай тушунуш керек.. Ак уй кок уй эмне дээр экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: