Ленин районунда Билим берүү борборундагы мыйзамсыз тендер боюнча кылмыш иши козголду
Ленин районунда Билим берүү борборундагы мыйзамсыз тендер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 2-июнунда аталган Билим берүү борборуна баасы 5 миллион 682 миң сомдук курулуш материалдарын сатып алуу үчүн тендер өткөн. Ага минималдуу бааны сунуштаган “Кама” ишканасынын билдирмеси кабыл алынган эмес. Ал эми максималдуу бааны сунуштаган “Бабаев В.”, “Гиппрофи” жана “Груздилова О.В.” ишканалары тендерде жеңүүчү болуп чыгышкан. Алардын документтери тендердин шарттарына туура келген эмес. Мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн тендердин негизинде мамлекетке 342 миң сом зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mambo-1984

29.06.2016. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер силерден сураныч мектептердеги акча ремонтко деген каяка кетет мисалы менин балам 59 мектепте окуйт ар бир окучудан 800 чогулткан кеминде бир класста30 окучу бар бир класстыкы 24000 сом болот экен атак 4 класс бар кыргыздан эле орустан дагы 2 3 класс бар озунор ойлосонор 1 ко. 11 чейин ошентип чогултканда милиондор чогулуп жатпайбы ошол акчалар каяка кетет иликтеп берсенер жакшы болот эле сентябрда келсе окучулар айына 100 сом классный ремонт деп 500 деп отдельно чогултушат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.