super.kg logo

ТИМ: Стамбулдагы жардырууда жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар болушу мүмкүн (окуя болгон жерден кадрлар)

 

Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы эки жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. "28-июнь күнү Стамбулдан Бишкекке саат 21:35те жана 00:35те эки аба каттамы бар болгон. Түркиялык авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү 19:35 жана 22:35те каттоодон өтүшмөк. Жабыр тарткандардын арасында каттоодон өтүп жаткан кыргыз жарандары бар болушу ыктымал. Учурда аталган каттамдарга билет алган кыргыз жарандарынын саны такталууда", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 36га, жаракат алгандардын саны 147ге жеткен. Алардын арасында чет элдик жарандар да бар болгон.






Стамбул шаарынын аэропортунда жардыруу болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.06.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mumkun dep da aitaby. teriwtirip taktap jatabyz anan bilinet debeibi
29.06.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ылайым ушул нерсени ким уюштуруп жардырсада кудайым эн чоон жазасын берсин канчалаган адамдар уй булоосунон ажырашты канчасы жетим калышты ушулардын коз жашы тынч койбосун журогу таш адамдарды олуктон эмес тириктен корк деген созго чындап ишендим азыр адамдар эмне жырткычтардан да отуп кетип жатабызбы байкуш жаныбарлардын теерисин сыйрып шуба кийип алабыз алардын жанын кыйнап акыыр заманда жакындап калганго деп калдым ач болсокда тынч бололучу.жакындарынан айрылгандага сабыр гана тилеймин.
29.06.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коруп алып ыйладым чынында келгиле туугандар ыйманга келеличи боорукер бололучу бей куноо адамдарда эмне айып бири бирибизге асылып конулубузду оруутпай бул жалган жашоодо сыйлашып урматташып кана отолучу Бул жашоодо эч бир Жан омур бою жашаган эмес ошондуктан бири бирибиздин абийирибизди ачып ал элге шерменде болсо озубузду кыйын сезип жыргабай кудайдан барыбыз бейиште болушубузду тилегилечи
29.06.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бул Жардырулардын барын Орусия кылып жатат го дейм
29.06.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч болбосо улуу,ыйык Рамазан айында жон турбайбы? Аллахым баардыгына ынсап,ыйман берсин.... Амин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: