super.kg logo

Бишкекте "Демир банктын" алдында 200гө чукул адам митингге чыкты

 
Алапай кызы Мариам

Учурда Бишкек шаарындагы "Демир банктын" алдында 200гө чукул адам митинг өткөрүүдө. Митингге чыккандар - "Эркин заман" турак жай курулуш кооперативинин мүчөлөрү жана ал аркылуу үй алууну көздөгөн тургундар.

Кооперативдин мүчөсү Таалайбек Молдалиевдин айтымында, алар Кытайдан 10 миң адамга турак жай салууга инвестор таап, аталган банк менен иштешүү тууралуу сүйлөшүшкөн. Бирок банк алар менен иштешүүдөн баш тартып, башка банктар менен да иштешүүгө тоскоолдук жаратышкан.

"Инвестор тапканбыз, банктык эсеп ачышыбыз керек болгон. Бул банкка келип "10 миң адамды тейлей аласыңарбы?" деп сурасак, ооба дешкен. Үч сааттан кийин кайра иштешкенден баш тарта башташты. "Улуттук банктан кагаз келди, силер менен иштеше албайбыз. Банктык эсептеги акчаңарды бүгүн алып кеткиле, болбосо ала албай каласыңар" дешти. Башка банктарга да бардык, баары тең иштешүүдөн баш тартышты", - дейт Молдалиев.

"Бардык банктарга биз тууралуу "иштешпегиле, алар алдамчылар" деп жамандашыптыр. Кытайдагы сүйлөшүп койгон инвесторлорго чейин телефон чалышыптыр", - деп кошумчалады кооперативдин мүчөсү.

"Өзүбүздүн жерибизде өзүбүздүн үйүбүз жок. Акчага көпкөндөр ар кандай ушактарды таркатып, 10 миң адамдын үмүтүн кармап жатат бул банк", - дейт митингдин катышуучусу Алапай кызы Мариам.

Учурда митингди 30дан ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.






Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги митинг

"Демир банктын" жанындагы митинг

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.06.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизд кандай инвестор болбосун кыргызстанда жумуш кылуу учун жогор жака доля беруусу керек бербесе кылган иши пайдабы зыянбы карабайт да уруксаат бербейт доля албаса алардын ден соолугу начарлап ооруп калышбайбы
OMURBEK. түзөттү 2016-06-29 15:42:51
29.06.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
OMURBEK., туура айтасын кошулам! кайсы бир жылдары бир таанышыбыз кытай компаниясы инвестор болот жумуш ордулары тузулот, деп суйунуп жургон эле, жогору жактагылар шапка сурап турубалды ал компанияны курууга кеткен акчадан да коп шапка сурашты. Инвесторлор ага конбоду. Ошон учун жумуш ордулары жок кыргыз калкы чет жерлерде кыйналып журушот.
29.06.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыка суу керек дегендей, биздин чиновниктерге пара керек болуп атпайбы)))).Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз.Алар келип биздикилерди үйлүү кылып койушса болду да.
29.06.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз эмес . Кыргызстан биздин үй. Келе тургандар конокко гана келишсин, түбөлүк жашоого келбесин.
29.06.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой эле Ипар компаниясы мисалы, курулган жакшынакай завод дары-дармектер озубуздо чыкмак, канчалаган химик-биологдорубуз жакшынакай лабораторияда жумуш менен камсыз болмок. Курулгани даяр завод ушул кунго чейин ачылбай турат. Себебин эч ким билбейт. Менимче аган да шапка сурашса керек. Мен дагы абитуриент туугандарымды угуттоп койгом, ушундай завод курулубатыптыр. Хим-биолог болгула ошол фарм.компанияда иштоейсинер деп )))
29.06.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Банкта саясат жок, бул компания эл аралык алдыамчылыкка тийиштуу го. Чыккан элдер толук тушунуп анан чыгышы керек. Банк эч качан акча эсеп эчкан адамдан качпайт.
29.06.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алар элди алдап эле жатпайбы!! Кайсы эле инвестор 10000 кишиге за ГРОШИ уй салып берсин!! Чондору МММ дей эле качып кетет
29.06.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 мин адамга эсеп ачып, алардын акчасын сактоо менен банк жакшы эле киреше тапмак да. Бирок тиги инвесторлордон шек санап баш тарткандыр. Элдер жакшылап ойлонуп койсо болмок. Кайда айдаса ошол жакка бара бербей.
29.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
демир банктан жабыркагандар кобойду.кредит карта берип 3-4 жыл откондон кийин 10 мин ден ашык карызсынар деп кагаз жонотот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: