super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы баш калаанын борбордук көчөлөрүндөгү тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында унаа жолдорун кайра жаңылоо боюнча комплекстүү иштер тууралуу маалыматты укту.

Албек Ибраимов такай иштеген, коопсуз жана тургундар үчүн ыңгайлуу транспорттук системди камсыз кылуу үчүн баш калаанын коомдук транспортун өнүктүрүү пландары жөнүндө айтып берди. Бишкек мэри шаар ичин жашылдандыруу жана арыктарды тазалоо боюнча чаралар тууралуу да маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев борбордо жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын, андан тышкары Бишкек шаарын өнүктүрүү милдеттерин өз убагында чечүү боюнча шаардык кызматтардын ишмердигин жандандыруунун маанисин баса белгиледи.

"Биздин шаар кайрадан Борбор Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек", - деген тилегин билдирди мамлекет башчы. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: