super.kg logo

Пара алып жатып колго түшкөн экс-прокурор Кубанычбек Мамакеев 12 жылга эркинен ажыратылды. Кылмышка шериктеш болгондор 4 жана 5 миллион сомго айыпка жыгылышты

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-прокурорлор Кубанычбек Мамакеев, Улукбек Жумабеков жана Марат Дононбаевге карата жазык ишин карап, чечим кабыл алганын Жогорку Соттун маалымат кызматынан 29-июнда кабарлашты.

Маалым болгондой, сот Мамакеевди "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөй турганы белгиленди.

Ал эми Аламүдүн районунун прокурорунун экс-орун басары Улукбек Жумабековду "кылмышка шериктеш болуу", "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, мамлекеттин эсебине 50 000 эсептик көрсөткүчтө (5 миллион сом) айып төлөө белгиленди.

Аламүдүн районунун прокурорунун экс-улук жардамчысы Марат Дононбаевди "кылмышка шериктеш болуу", "опузалап пара талап кылуу" менен күнөөлүү деп таап, мамлекеттин эсебине 4 миллион сом айып төлөө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, Мамакеев, Жумабеков жана Дононбаев Аламүдүн районунун прокуратурасында иштеп жатышканда 2015-жылдын июлунда айыл чарбасына караган жерлердин ээлеринен ал жерлерге мыйзамсыз курулуштар боюнча алардын кызыкчылыгында чечим кабыл алуу үчүн бардык жер тилкелеринин ээлеринин атынан өкүл болгон Д.Т. аттуу жарандан 20 миң доллар пара талап кылышкан.

2015-жылдын 28-июлунан 25-августуна чейин Д.Т. аттуу жарандан 6800 доллар жана 78 миң сом пара катары алышкан.

25-август күнү паранын бир бөлүгүн алып жаткан учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Мамакеев, Жумабеков жана Дононбаев кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
29.06.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы...!Баарын жоопко тарткыла!!!
29.06.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул элге көрүнүп коюшту. Башкалары иштен бошоп эле кутулуп кетип жатышат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: