super.kg logo

№50-СИЗОдон качкандар өмүр бою эркинен ажыратылышты

 
Эдил Абдрахманов
Музаффар Уринов
Болот Курбанахунов

№50-СИЗОдон качкандар өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Свердлов райондук соту абактан качкандардын ишин карап, Эдил Абдрахмановду, Болот Курбанахуновду жана Музаффар Уриновду өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми Максат Абдрахманов менен Нурсият Рысбекова “кылмышты жашыруу” беренеси боюнча айыпталып, 4 жылга кесилишти.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жанаБакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
29.06.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар итак эле омур бою кесилгендер эмес беле?
29.06.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каап ушулар тайный секрет болуп кала берди.да
29.06.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик алмашканда ачыгы чыгар бирок кийин алар аман болсо.
29.06.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Olum jazasy gerek ele bularga...bizdin sottor tuura sottogondu biliwpeit,keede karap tursan took urdagandardy 15 20 jylga kamatywat,bul oku9 duinonu dungurotkon,korkunuçtuu oku9 boldugo,uwular uçun bei kunoo adamdar oldugo,emi bular omuru otkonço tutrmodo jyrgap jawawaby ee?jyrgap degenim bizdin turmodo da tartip kuçtuu emes ekeni,tamak,telefon,sigaret,kural jaraktar een erkin ekeni belgiluuu
30.06.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ее буларда бироонун баласы жаман дабай еле коёлу чындыкты билбей туруп .
30.06.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Подстава кылып коюштуго дейм буларды.
Aza96 түзөттү 2016-06-30 01:30:48
30.06.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шорун кургурлар десе
30.06.2016. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боодо 4 кызматкер шейит болуптур... Бала-чакалары болсо керек эле((( жайлары жаннатан болушсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: