Жогорку Кеңеште спикер менен депутат кайым айтышты

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков менен Алтынбек Сулайманов кайым айтышты.
Добуш берүү учурунда депутат Чолпон Жакупова процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда төрага ага сөз бербей койгон. Мындан улам Жакупова кезектеги мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тарткан. Долбоорго кайра добуш берүү жүргүзүлгөндө Жакупова менен дагы 6 депутат добуш берген жок. Төрага Турсунбеков бул долбоорго добуш берүүнү эртеңкиге калтырып, кийинки долбоорго өткөндө депутат Алтынбек Сулайманов буга нааразы болду.
"Эмнеге 6-7 депутаттан аттап, кийинки маселеге өтүп жатасыз? Сиз бизден эмне менен айырмаланасыз? Сиз биздей эле депутатсыз", - деди Сулайманов.
"Регламентте менин кандай укуктарым жана милдеттерим бар экени жазылган. Мен укугумдан пайдаланып кийинки маселеге өттүм. Депутаттар өз кезегинде добуш берүүдөн баш тартпашы керек", - деп жооп берди Турсунбеков.
Депутат Исхак Масалиев депутаттарды ачууга алдырбоого чакырып, спикерден катуу сын-пикирлерди туура кабыл алууну суранды.
Жогорку Кеңеште Турсунбеков менен Сулайманов кайым айтышты (29.06.16)


