Өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталып, анын күчү очогунда 6 баллга жетти

29-июнь күнү саат 14:08 чамасында өлкө аймагында кайрадан жер силкинди. Анын күчү очогунда 6 баллга жеткенин Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка таянсак, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында, Алай районундагы Нура айылынан 45 чакырым, Ош шаарынан 135 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Анын күчү Бор-Дөбө айылында 5 балл, Нура, Эркеч-Там, Икизяк, Кара-Киндик айылдарында 4 балл, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Чоң-Каракол, Кичи-Каракол, Сары-Могол, Сары-Таш, Ачык-Суу, Ак-Босого, Калык айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Аталган эле аймакта 29-июнь күнү саат 20:56 чамасында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Нура айылында 2,5 баллга сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Биздин гиминдада "бей куттукту "деген ката жери
бар "бей куттукту дегени стабилсиздикти берекесиздикти деген мааниде айтылган
КЫРСЫКСЫЗ
Кайрат ошол чын бекен вулкан кыргыз тоолорунда жок деп окуган элек биз