super.kg logo

Стамбулдагы жардыруудан каза болгондордун саны 43 адамга жетти

 

Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда болгон жардыруудан каза тапкандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу түркиялык "Haber 7" телеканалы кабарлаган маалыматта айтылды.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү Түркиянын жарандары. Алардын арасында Украина, Тунис, Сауд Арабия, Иран, Ирак жана Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми каза болгондордун арасындагы үч адамдын өздүгү тактала элек.

Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым буга өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топту күнөөлөп жатат. Бирок аталган топ бул ишти жасаганын азырынча мойнуна ала элек.

28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 36, жаракат алгандар 147ге жеткени кабарланган. Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар. Ал сол колунан жеңил жаракат алган, кечээ ооруканадан чыгарылмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: