super.kg logo
  Спорт  

"Багынганга чейин сен тагдырыңдан күчтүүсүң". Легендарлуу мушкер Майк Тайсон 50 жашка толду

 
Көзүнүн курчу кетип, карылыкка моюн суна түшкөн Майк Тайсон.

Жокчулук менен барчылыктын, түрмө менен баңгизаттын, жеңиш менен жеңилүүнүн даамын таткан атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон 50 жылды артка таштады. Мушкер бүгүн, 30-июнда 50 жашка толду.

"Темир Майк" 1966-жылы Бруклинде жарыкка келген. 12 жашында легендарлуу мушкер Мухаммед Алини көргөндөн кийин спорттун бокс түрүнө кызыгуусу башталган. Бокс дүйнөсүнө аралашып, катар-катары менен атаандаштарын сулатуу менен өзүн дүйнөгө тааныта алган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште ал жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган.

Тайсонду бокс дүйнөсүндөгү аброю боюнча Мухаммед Алиден кийинки орунда турат десек, көпчүлүк колдосо керек. Себеби мушкер миллиондорго өзүнө ишенүү менен кантип ийгиликке жетүү керектигин далилдей алган. Мушкердин 50 жылдыгына карата ага таандык цитаталарды чогулттук.

“Машыгуу, өзүңдү бир калыпта алып жүрүү – торго түшкөн сыяктуу... Кылгың келбеген жумушту аткаруу канчалык кыйын”.

“Сен ийгиликке жеткенде досторуң сенин ким экениңди билишет. Ийгиликтерден кол жууганда сен досторуңдун ким экенин билесиң...”

“Багынбоо үчүн болгон күчтү сарпташ керек. Өлгөн оңой, жашаган кыйын”.

“Беттеш 13 секундага созулушу керек. 2 секунда атаандашка жакындаганга, 1 секунда сокку узатканга кетет. Калган 10 секундада беттеш калысы 10го чейин санайт”.

“Жыгылган соң туруп кетүү – күчүңдүн бар экенинен кабар бербейт. Бул кулк-мүнөзгө байланыштуу маселе...”

“Мен рингге чыкканда атаандашты коркуу сезимине чулгап салгым келет. Жүрөгүн жулуп, аны ээсине көргөзгүм келет...”

“Багынганга чейин сен тагдырдан күчтүүсүң”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.06.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тируу легенда...
30.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жүрөгүн сууруп, ээсине көргөзгүсү келсе, жырткычка айланууга аз эле калат экен да...
30.06.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир Майк и так эле журогун сууруп ээсине коргозгондой эле болот коп бойлорунда...
Действительно Алиден кийинки ЛЕГЕНДА
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: