super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашты

 

Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 30-июнда билдирди.

"Бүгүн Бишкек шаарындагы №17-кесиптик лицейинде 2015-2016-окуу жылын жыйынтыктоо боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, мода агенттиктеринин өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты. Быйыл бюджеттик жана контракттык негизде 280 улан-кыз тигүүчүлүк, бычмачылык, чачтарач, слесарь адистигине ээ болду. Алардын ар бири тандаган кесиби боюнча өздөрү тигип даярдаган сырткы кийимдерди, улуттук колоритти камтыган кече көйнөктөрүн, эркектердин костюмдарын көпчүлүктүн сынына коюшту. Бүтүрүүчүлөрдүн эмгектери көрүүчүлөр тарабынан зор кызыгууну жаратты. Кесиптик лицейдин бүгүнкү бүтүрүүчүлөрүнүн 80-90 пайызы ар түрдүү өндүрүштүк ишканаларда жумуш орундары менен камсыз болушту", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
30.06.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы кабаркен смартфон сеники болот го
30.06.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaiMak,Базар жок........ бирок бул смартфонду албай калдыго
01.07.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
new_hacker,брат какшык болтат бул жерде)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: