super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн анттарын кабыл алды

 
Жеңиш Разаков - чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр
­Замирбек Айдаров - транспорт жана жол министри
Турдуназир Бекбоев - айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри
­Дүйшөнбек Зилалиев - Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы
Бакыт Шаршембиев - Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Өкмөт мүчөлүгүнө жаңы дайындалган министрлер жана комитет төрагалары бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти. Алар:

  1. Жеңиш Разаков - чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр;
  2. ­Замирбек Айдаров - транспорт жана жол министри;
  3. ­Турдуназир Бекбоев - айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри;
  4. ­Дүйшөнбек Зилалиев - Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
  5. ­Бакыт Шаршембиев - Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
  6. Кашкар Жунушалиев - ички иштер министри;
  7. Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри;
  8. Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат жана туризм министри.

"Мен, (аты-жөнү), (кызматтын аталышы) кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз Республикасынын элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн милдеттерди чын ниетимден жана талыкпай аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартам", - деп айтылат анттын текстинде.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн анттарын кабыл алды.

Айта кетсек, 22-июнда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: