super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Чүчкүрүп койсоң кызым "будь здорова" дегенде элжиреп кетем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балам, балам, жан балам" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мени ата-энем аябай эркелетип өстүргөнгөбү, негедир азыркы күнгө чейин эркелигимди көп байкап келем. Кээде анча-мынча кылыгымды сезип калганымда уялып кетем".

"Мен үйдө улуусу болгондуктан, өзүмдөн кийинки үч бир тууганымды чоңойтууга, аларды кароого көп жардамдаштым. Албетте, ар бир бала өзүнчө дүйнө... Анын кылык-жоруктары чоң адамды таң калтырат, алардын булдураган тили жана ачык-айрым айтып отурганы күлкүнү келтирет. Мисалы, кичүү иним жаңы тили чыкканда менин атымды айта албай Эмляя дечү. Ал эми сиңдим көк кружкасын көтөрүп алып малина өскөн арыктардан чыкчу эмес. Ичине быша элегин да, жалбырагын да салып алар эле... Мындай таттуу күндөрдү эскерүүнүн өзү жагымдуу маанай жаратат".

"Менин баламдын тили сайрап турган маалы. Кичинекей бөбөктүү болууну аябай эңсеп жүргөн. Экинчи балам боюмда бар кезде ичим билинбесе да уктатам деп таптап калчу. Атын Адилет деп коюп алган. Тилекке каршы, ал балабыз жарыкка келбей калды. Ошондо баламдын кайгырганын көрүп жүрөгүм ооруп жаткан. Азыр болсо башка балдардай болуп туулган күнүнө оюнчук сурабайт. "Мага бала төрөп бериңиз, атын Нурэл коём" деп отурат. Өзү аман болсун кичинекейим, азыртан бир нерсеге дилгир. Жумуш жасаганды жакшы көрөт, мага жардам берем деп эле турат. Баласын таштап алыска кеткендер кантет билбейм. Менин балам мени эки күн көрбөй калса, түндө уктабай бакырып чыгат".

"Бала дегенде ичкен ашыбызды жерге коёт эмеспизби. Эмнегедир бул жашоодо эң эле жакының балаң болуп калат экен. Наристебиз - биздин жашообуздун маңызы. Баарыбыздын башыбызды бириктирип, капалыктан арылтып турат. Балам үчүн жашагым келет бул жашоодо. Ылайым баарыңар балдарыңар менен бирге болгула".

"Менин Сакина аттуу кызым бар. Атасына аябай окшош. Тынбай жаңы кылыктары менен бизди жылмайтат. Өзү аябай боорукер, зирек, акылдуу кыз. Өткөндө венадан анализ тапшырып чыгып келе жатсак, жөн чыкпай укол сайган медайым эжеге муштумун көрсөтүп жатат. Чүчкүрүп койсоң кызым "будь здорова" дегенде элжиреп кетем... Ар бир сөзүнө сүйүнөм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.06.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Элжирип кеткен, элжиребей Алхамдуллилах деп уйрот
30.06.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кызым ИИ, ОЗУ чучкурсо будь здорова дебейсби дейт, будь здорова десем ,- не за что дейт ! Ииии
30.06.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ак чүч" деп кыргызча эле үйрөтсө жакшы болмок.
30.06.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishikylsa,
Ак чуч денендин мааниси унунду бас деген....
Ал созду уйротуштун кереги жок,и темада ал чучкургон жонундо эмес экен
30.06.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызчасы ак чуч эмес эле сак болунуз деп коюш керек.Озу чучкургон адам чучкургондо Альхамдуллилях котормосу Хвалла Аллаху Аллага мактоолор,Аллага Шугур деп айтыш керек.Ал эми чучкургон адамга Ярхамукалах котормосу да помилует тебе Аллах,Аллахтын шыпааларры болсун.Ката которуп койсом Алла озу кечирсин.
30.06.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча уйроткуло балдарды.
01.07.2016. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садиктен ТАМАГЫНАР ТАТТУУ БОЛСУН дегенди чала угуп уйронуп алып айтып коет уйдо олтурсак ТАМАГЫНАР ТАШ БОЛСУН деди го эжеке деп)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: