super.kg logo

Жайкы каникулда Бишкектин 402 окуучусу Ысык-Көлдө эс алат

 

Жайкы каникулда Бишкектин 402 окуучусу Ысык-Көлдө эс алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы "Келечек" лагеринде эс алуу үчүн шарт түзүлүп берилген.

Балдарды эс алууга жиберүү 5 агымда өткөрүлөт. Алгачкы топ 20-июндан 30-июнга чейин жиберилди. Кийинки топ 30-июндан 10-июлга чейин эс алат. 3-топ 10-июлдан 20-июлга чейин болсо, 4-топ 31-июлдан 10-августка чейин, 5-топ 10-августтан 20-августка чейин жиберилет.

"Лагерде эс алуу программасына ар түрдүү иш-чаралар камтылган. Жөн гана эс алуу эмес, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана чыгармачылыкты өз алдынча ишке ашырууга багытталган иш-аракеттер жүргүзүлөт. Каникул ичинде жалпысынан 402 окуучу лагерге эс алууга жиберилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
30.06.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдердин балдары барат?эс алууга??
30.06.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баякы эле чондун балдары таныштар барат да. Базарда кочодо иштеп жургон же колунда жок адамдардын балдарын жонотпойт булар
30.06.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар ким оз комочуно кул тартып оз туугандарын жонотушот да чыныгы адилетуулук качан болор экен 100%ишенем адилетуулук менен балдарды ушу эс алууга жонотулоору кумон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: