super.kg logo

Ала-Букада 3 районго кызмат кылуучу, 105 жумуш орунду камсыздаган эт комбинаты курулат

 

Ала-Букада 3 районго кызмат кыла турган, 105 жумуш орунду камсыздаган эт комбинаты курулат. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын күз айларында Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондорундагы мал чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн эт комбинаты курулмакчы.

Ала-Бука районунун акими: "Жалпы 105 жумуш орунун камсыздай ала турган эт комбинаты курулат. Комбинаттын курулушу менен Аксынын 130 миң калкы, Чаткалдын 50 миң эли, ошондой эле Ала-Буканын 100 миң эли үчүн жагымдуу шарт жаралат. Анткени күн сайын 30 баш майда жандык, 10 баш кара мал союлуп, эт азыгынан жасалуучу продукциялар даярдалып, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот", - деп билдирди.

"Комбинаттын курулушун Ала-Бука райондук администрациясы колдоого алып, "Кыргыз эт" ассосациясынын төрагасы Рысбек Абдурасулов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана фермерлер менен жолугушуу уюштуруп бердик. Жакынкы аралыкта Германиянын "Гернер" фирмасы комбинаттын курулушун баштайт", - деп кошумчалады Акпаралиев.

Белгилей кетсек, комбинатка союлуучу малдын баасы базар наркынан жогору сатылып алынат. Ошондой эле ветеринардык талаптар катуу коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
30.06.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер.кг, сураныч, машинаны каттоо жаны номур тууралуу жаза аласыздарбы? Азыр элде жаны номур алуу боюнча коп суроолор бар. Баасы, кантип алмаштырат, доверенность менен кандай болот ж.б.у.с. Рахмат
30.06.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adisum,саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.06.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эчкандай базар баасынан жогору болбойт болгонда эмес апыртпагылачы((байагыле байлар чиновниктер жонокой адамдардан арзан алып оздору тапшыратта(((
30.06.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул мен у-н кече Аксылыктар окмотко каршы митинг откозобуз деп кабар бергендери у-н элди кичине жагымдуу кабар м-н алаксытайлык деп бийлик элди алдап жатат.Ошол комбинаттарды ачкыла анан мактангыла ача элегиле жарыя кылбай.
30.06.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
S.Akparaliev jakshy ish alyp baryp jatat kudai buyursa jylysh jakshy
30.06.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А жакшы
30.06.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектерди союп салбасаңар эле болду.
05.07.2016. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул күнгө келип бир дагы өкмөт адамына ыраазы болгон эмесмин. Бирок Ала-Бука районунун акими Сонун Акпаралиевичтин район үчүн кылган эмгектерин көрүп көңүл жылыйт. Буйруса районду өнүктүрүшүңүзгө терең ишенем. Биздин Өкмөт адамдарынын баары эле сиздей иштегенде Кыргызстанда таанылгыс өзгөрүү болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: