super.kg logo

Медициналык академиянын ректорун шайлоо жыйынтыкталды

 

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына аталган академиянын нур менен дартты аныктоо кафедрасынын ассистенти Назира Кадыркулова билдирди.

Шайлоо жыйынтыкталып, 7 талапкердин ичинен 3 талапкер эң көп добуш алды.

"Жалпы 592 шайлоочу катышып, 27 кызматкер шайлоого келбей калды. Жыйынтыгында шайлоого кызматкерлердин 95,2 пайызы катышты дегенге болот. 185 добуш менен Ишенбек Сатылганов алдыга чыкса, 162 добуш менен Доктурбек Адамбеков кийинки орунга татыды. Ал эми 7 талапкердин ичинен жалгыз талапкер аял Индира Кудайбергенова 136 добуш алды", - деп билдирди Кадыркулова.

"Алдыга озуп чыккан талапкерлердин укугу бирдей. Эми кийинки кадамда 3 талапкерди кыргыз өкмөтү өзүнүн талаптарына жараша тандап алат", - деп билдирди Мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биримкулов эле кала берсе болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: