super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Батирди мейманкана катары иштетүү боюнча мыйзам кабыл алынса, ал "өлүү төрөлгөн" мыйзам болот"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз батирин башкага бир нече саатка берип, аны мейманкана катары иштеткен адамдарга көз карашыңыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Батирди мейманкана кылып иштетүүгө тыюу салуу демилгеси депутаттардын ортосунда кайчы пикир жаратты. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун жайкы каникулдан кийин кайра кароону чечишти".

"Мен ушундай типтеги мейманкананы билем. Мен жашаган үйдө бар, ага ким "крышалык" кыларын айтсам оозуңар Ошту карайт. Ал өзү орган башчысы. Бул мыйзам каралбай калат же жактырылбайт. Бардык эле чиновниктердин бизнеси ушу".

"Эгер бул мыйзам кабыл алынса, "өлүү төрөлгөн" мыйзам болот. Балык башынан сасыйт демекчи... Кимдин заманы, батири көптүн заманы, мыйзам болот, бирок колдонулбайт, бул бир эле тарабы".

"Муну менен жан баккандар бош калса, жумуш орунун караштыруу, альтернатива деген нерсе бизде жок. Айланайындар, эки бутту бир өтүккө киргизип, "эмне кылсаң ошо кыл" деген бир түшүнүксүз позиция заманы. Анан майлуу жерден куру калган алар митингге чыкпай, мен чыгамынбы?"

"Өзү мыйзамды чыгарарда "Эл эмне дейт, кошунанын балдары күлбөйбү?" деп ары-бери тегеретип караштыруу керек го. Пайдасы зыянынан ашып түшө турган болсо, иштеп кетүүгө шарт түзүлсө, макул десе болот".

"Бул мыйзамга мен каршымын, бирок бул мыйзамды туура жолго колдоно алышса каршы болбойт элек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.06.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл эптеп тиричилик кылып жатат. Нанын таап жеп жатканда тийишпегени жакшы. Бирок өзгөртүү киргизиш керек. Жаш кыз жигиттерди нике күбөлүктүн негизинде киргизсе, же үйбүлөлүү адамдарды киргизсе бузукулук азаят беле.
01.07.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_S, уй булоолуулор мейманканага барып башына таш тушуптурбу ? Орусия болсо го тушуносун айласыз .
01.07.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушу калды эле мал койго паспорт берели деди эле анысы отпой тамадалардан налок алалы деди эми квартираларга отуштубу бурок бул законду колдобойт отпойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: