super.kg logo

ТИМ. "Стамбулдагы жардырууну уюштурган 3 адамдын бири кыргыз жараны" деген маалымат такталган жок

 

Буга чейин түркиялык ММКлар Стамбулдагы 43 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштурган 3 адамдын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн экенин жазып жатышкан. КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы аталган маалымат такталбаганын 30-июнда билдирди. "Консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Террорчулукка каршы кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган кызмат бул маалыматты тастыктаган жок", - деп билдирди министрликтен.

Айрым маалыматтарга караганда, өзүн өзү жардырган 3 адам тең Чечен Республикасынан чыккандар болгон. Учурда алардын өздүгүн аныктоо үчүн экспертизалык топ иштеп жатат.

"Haber Turk" басылмасынын маалыматына таянсак, жардыруу уюштурган 3 адамдын бири Орусиянын жараны (Чечен Республикасынын тургуну) О.В экендиги аныкталган. Алар 32 күн мурун Сириянын түндүгүндөгү Эр-Ракка шаарынан Түркияга келип, Стамбулдагы Рахим районунан ижарага батир алып жашап турушкан.

Алар жардыруу уюштурардан мурун аэропортко кирип келе жатканда аэропорттун байкоочу камерасына түшүп калышкан.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен. Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар. Ал сол колунан жеңил жаракат алган, кечээ ооруканадан чыгарылды.






Стамбул аэропортунда жардыруу уюштурган террорист видеого түшүп калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.06.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстандык озбектер ушунтип бизди бут жака жаман атту кылатурган болушту
30.06.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
maratbek88.88,ообада сирияга кеткендердин баардыгы озбектер аны устуно биздин эл акыркы жылдары аябай исламдашып баратышат болгондода радикалдуу ислам менен
30.06.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Радикалдуу исламды тыюуу үчүн аракеттер көрүлбөй жатат. Мисалы эң таанымал, АГАХАН шийиттер. 7мкр да шийиттердин мечити курулуп жатат.

Дагы жепутаттар улутту көрсөткөн графаны алып салабыз деп дөөдүрөп жатышат. Бул эң жаман чечим .
30.06.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыкаачыларды ким токтотот тойгуздуго булар.мусулмандарды бут дуйно жузуно жамантты кылышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: