super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Депутат Садык Шер-Нияз министр Эльвира Сариевадан Улуттук университеттеги окутуучуларды тандоо сынагынын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды"

 

Бүгүн, 30-июнда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, бирок эч ким менен жолуга алышпагандыктан Ак үйдүн алдына барышкан. Алар менен депутаттар Садык Шер-Нияз, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина жолугушканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады.

Анын билдиришинче, Садык Шер-Нияз окутуучулардын алдында туруп билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага телефон чалып, андан Улуттук университетте өткөн окутуучуларды тандоо боюнча сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Митингге чыккандар окуу жайда өткөн тандоо сынагынан өтпөй калышкандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигине нааразы болушууда.

"Окуу жайдын жетекчилигине каршы пикир айтып жүргөн окутуучулар, декандар сынактан өтпөй калышты. Ошондой эле жетекчилик куугунтукка алып жатат. Ошондуктан сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурдук, бирок бирөө да чыккан жок. Азыр Ак үйдүн алдына келдик", - деп билдирген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
30.06.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупция. Ак сүйлөгөн адамды ар дайым куугунтукка алат.
30.06.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак суйлоп эле ушулар таза иштеген окутуучулар дейсинерби? Студенттерди ыйлатып сессия сайын акча жегендер,ошон учун келечек муун алсыз болуп "куш уядан учканда эмнени корсо ошону алат болуп жатат".
30.06.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
митингке чыккандардын баары эле КЫЙЫН,ЖАКШЫ окутуучулар эмес!7 турдан өтүшмөк,анан аягында жыйынтыгы чыкмак!
01.07.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kani1994, булардын "КЫЙЫН, ЖАКШЫ окутуучулар эмес" экенин кайдан билесиз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: