Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү
Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлгөнүн президенттик аппараттан билдиришти. Бүгүн, 30-июнда тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
"Жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, кыргыз өлкөсүнүн элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу иштерине тартуу, андан аркы иштерди жакшыртуу максатында президенттин алдындагы кеңеш түзүлдү", - деп билдиришти президенттик аппараттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

