Сокулук районунда 17 жаштагы бала көлмөгө чөгүп каза тапты
Сокулук районунда 17 жаштагы бала көлмөгө чөгүп каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-июнь күнү саат 16:43 чамасында Күн-Туу айылындагы көлмөгө 1999-жылы туулган Туратбек уулу Жыргал чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, жансыз денени суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Негизи эле бугун эмне болгон жалан эле кайтыш болду деген кабарлар