super.kg logo

УКМК: “Стамбулдагы жардырууну уюштургандардын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн” деген маалымат такталып жатат

 

“Стамбулдагы жардырууну уюштургандардын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн” деген маалымат такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов SUPER.KG'ге билдирди.

Ал маалымат текшерилип жатат. Азырынча бир жактуу маалымат айтуу эрте. Жыйынтыгы чыкканда кабарлайбыз”,- деди Рахат Сулайманов.

Буга чейин түркиялык ММКлар Стамбулдагы 43 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштурган 3 адамдын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Бирок маалыматты Түркиянын Террорчулукка каршы кызматы тастыктаган эмес.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен. Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар. Ал сол колунан жеңил жаракат алган, ооруканадан чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конечно азыр кыргыз жарандыгын паспортун илюбой Озбекстандык жана Тажикистандын жана Кытайдын уйгурлары акчага эркин сатып алышат
01.07.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы көбүрөөк саткыла паспортту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: