super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ала-Букада жайлоо бала бакчасы ачылды (фото)

 

Кечээ, 30-июнь күнү Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын тургундарынын балдары үчүн Ала-Бука-Сай жайлоосунда бала бакча ачылды. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу 1-июлда билдирди.

"Бөбөктөргө окуу куралдары, таттуулар жана оюнчуктар тапшырылды. Жайлоодогу бала бакчага бөбөктөрдү кабыл алууга толук шарт түзүлүп, тарбиячылар тарабынан күн сайын окутуу жагы каралган. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Умарованын айтымында, жайлоодогу бул бала бакча 30 баланы күн сайын кабыл алып, окутууга ылайыкташтырылган", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.07.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун жанылыкго
01.07.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо сонун болуптур. Азаматтар! Жайлоо бакчалары кобойо берсин!
01.07.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма Ша Алла! соонун жанылык экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: