super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сүйүүсүз бул жашоо токтомок"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүү деген эмне?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Сүйүү - бул сөз менен айтып бүтө албаган нерсе, анткени сен аны жүрөгүң менен гана сезесиң. Сүйүп калуу абдан жакшы, бирок аны унутуу жаман. Бул нерсе менин биринчи сүйүүмө байланыштуу".

"Сүйүүгө көз карашым 50:50 пайыз. Ал эми "бир көрүп сүйүү" дегенге атып салса да ишенбейм. Менин биринчи сүйлөшкөндө үнүн сүйүп калмай адатым бар. Бул сапатым өзүмө жагат".

"Сүйүү - бүтпөс дастан, узун жомок. Сүйүүсүз бул дүйнөдө жашоо токтомок".

"Сүйүү - назик, ыйык сезим адамда,
Белек сымал бир берилет адамга".

"Көзгө көрүнгөн нерсени сүйүп, самап, ага жеткенде ал нерсенин баркы кетип калат. Ошондуктан көзгө көрүнбөгөндү сүйүш керек".

"Кээ бир окумуштуулар "сүйүү - бул табышмак" дешет. "Аны изилдеп, ал жөнүндө так бир нерсе айтуу мүмкүн эмес" деген кептер да бар. Азыркы учурда адамдардын сүйөр-сүйбөсүн текшерген машиналар да бар экен. Бир убакта аларды ЗАГСтарга орнотобуз деп чыгышыптыр. Кийин кайра ал нерсе логикага жатпагандыгына байланыштуу ишке ашпай калган, себеби үйлөнгөнү келгендердин кээ бири сүйүп үйлөнсө, кээ бирлери мөөр алганы гана келишет экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.07.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйуусуз мээримсиз катип жашоо уланмак эле адам баласын жаратканым озу мээрим менен жаратты. Суйуудон мээримден жаралган жарык дуйно ата эненин балага болгон суйуусу чексиз,суйуусуз дуйно карангы,мээримсиз жашоо супсак.
01.07.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол аппараттан отуп баш кошушканда балким ажырашуу аз болуп бардык уй булоо бактылуу жашамак беле... эн негизгиси ташталган наристенин саны аз болмок
01.07.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла тааланы суйсок бизге баардык бактылуулукту берет.
01.07.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип токтоп калат) жашап жатабыз суйуусуз деле))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: