super.kg logo

Ак үйдүн алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бир нече талап менен турушат

 
Назакат Кыдырова
Назакат Кыдырованын апасы

Учурда Ак үйдүн алдында 20га жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар президенттен жана Жогорку Кеңештин төрагасынан жардам сурап, талап коюп чогулуп турушат.

Алар турак жай берүүнү, социалдык жардам көрсөтүүнү суранышып, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновду кетирүү талабын коюшууда.

"Бүгүн таңкы 7ден бери турабыз. 3 айдан бери депутат Дастан Бекешевге да кайрылып келдик. Арызданып министрликке чейин бардык. Бир кап ун болсо да жардам берилсе болот эле. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов жазага тартылсын, анткени ал мамлекеттен берилген жардамды бизге жеткирбей алып коюп жатат", - дейт Бишкек шаарынын тургуну Райкан Смаилов.

"Апам Туулган Мырзаева 57 жашта. 13 жылдан бери төшөктө жатат. 1-топтогу майып. Апама жардам берилсе дейм. Атамбаевге арыз менен кайрылдым, бирок жардам болбоду. Апам ооруп үйүбүздү 2009-жылы сатып жибергенбиз. Учурда Баткенде таякемдин үйүндө жашайбыз. 3 бир тууганбыз, эжем менен бизден бөлөк жашаган агам бар. Ар жерде жашап кыйналдык, өкмөт үй берсе дейбиз. Бүгүн Икрам Илмияновго арыз бердим, жообу 1 айда болот дешти", - дейт Назакат Кыдырова.






Ак үйдүн алдында майыптар бир нече талап менен турушат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул пенделерге берилген жардамды кантип жеп жатат какап кекиртегине туруп,же бир жерин тешип чыкпай.
01.07.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеебине ото берет сен экообуз болгондо качан тешип чыгып олгон болот элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: