super.kg logo
  Саясат  

Төрага: "Депутаттардын баары байлар эмес"

 

"Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары байлар эмес, борбор калаада үйлөрү жок эл өкүлдөрү да бар" деп бүгүн, 1-июлда маалымат жыйынында парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттарга берилчү кызматтык батирлерден баш тартууга каршы чыкканын түшүндүрдү.

"Биз буга чейин кызматтык унаалардан, бир жардамчыдан баш тартканбыз, бирок кызматтык батирлерден баш тартканыбыз туура эмес. Учурда айрым парламенттик депутаттардын борбор калаада үйлөрү жок болгондуктан, биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Артыкчылыктар боюнча маселеде популисттик жарыялардан алыс болушубуз керек", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: