СУПЕРСТАН: Айыл жериндеги жигиттерге турмушка чыгууну каалаган шаардык жана айылдык кыздардын пикирлери кандай?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, чынын айткылачы, айылда турмуш курган жагабы же шаардабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен өз айылымдан бир аз алысыраакта жашагым келет. Шаарда жашаганга көңүл жок, ал жерде ишиң жок болсо ачка каласың. Айыл жери жакшы. Үйдүн кенжеси болсо да калмакмын, бирок мурда "үйдүн кенже баласына тийбейм, айылда калгым келбейт" деп айтат элем. Азыр кенже бала болсо жакшы деп калдым".
"Бизде, тескерисинче, жолдошум шаарда эле калабыз дейт, мен шаарда тургум келбейт. Мен үчүн айыл эң сонун, эң жакшы".
"Кандай деп айтпайлы, буюрганы болот, бирок мага айыл жагат. Айылдык балдардан да мага күйөөгө тий деген сунуштар болгон. Үйдөгүлөр айылга жашай албайсың, ден соолугуң да чыдабайт деп айтып калышчу. Чын-чынына келсек, менин ден соолугум айылдын жашоосуна чыдабайт".
"Чын эле айылда ден соолук кетет экен. Мисалы, мен да шаарда чоңоюп, айылда жашагам. Ооруй берип тажагам. Башкалар жакшы эле жүрүшөт, мен эле ооруйм. Акырында бул атайылап кылып жатабы деп эч ким ишенбей калган. Ден соолугуңду жоготсоң, сен эч ким эмессиң. Негизи, шаардыктардын айылга көнүшү кыйын. Айылдагыларга билинбейт. Айылдыктар деле шаарга келгенде аябай кыйналат эмеспи. Шаардыктар шаарда, айылдыктар айылда болгону оң дейм. Ар ким өзүнүн көнгөн жеринде жашаганы туура".
"Мага айырмасы жок. Айылда жашасам деле шаарга барып-келип иштей бермекмин. Бирок талаа жумуштары бар жерге түшпөсөм дейт элем. Чындыгында, талаа иштерине жокмун".
"Мындан 5-6 жыл мурун айылда келиндер талаа жумуштарына көп аралашып турушчу. Бара-бара бул көрүнүш өөн учурап жатат. Талаадан бир да кыз-келин көрбөйсүң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
кошулду

Журосун сен кочолордо тамекиден улам чегип.
Басасында ойдо-ылдый шиш таканды такылдатып,
Чачтарында юолгон темир-тезектерди жаркылдатып.
Айылда эле остун эле шаардык боло калдынбы ? Тамаша
Менимче шаардагыдай шарт менен айылда жашаган он бар жок бар айылда сатып деле албайсын момо жемиштерди жер жемиштерди каалаганча жейсин банкаларга басасын дегендей кыскасы айыл жакшы
Бирок ар бир шаардык айылдык боло албайт
Шаарда 5 жыл журуп Айылга келгем илгеркидей куч кубат жок !
Кийин 2 - 3 айда озумо келдим .
Айылда ден-соолугун чын болот ким кошулат ушу созго ???