Өзбек чек арачылары басып алган 45 сотых жер такталбаган аймак болгон

Өзбек чек арачылары басып алган 45 сотых жер такталбаган аймак болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, 30-июнда өзбек чек арачылары кыргыз тарап пайдаланып жаткан жайытка кыргыз жарандарын өткөрбөй коюшкан.
"Сөгөт аймагындагы 45 сотых жерди буга чейин кыргыз тарап иштетип келген. Бул жер такталбаган аймак болгон. Ал жерди Замир Баназаров аттуу жергиликтүү тургун жайыт катары иштетип жүргөн. Өзбек тараптын күзөт аскерлери чек араны кайтаруу учурунда ушундай кадамдарга барышкан. Учурда эки тараптын чек арачылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Кутманов.
Ал кооптоно турган жагдай жок, абал тынч экенин кошумчалады.

Чоңдорду топтоп туруп, бир чечип салыш керек. Малга ээн белгиге миллиондорду сапырып жатат, чек арага акча жок.
Депутаттар каникулга кеткенде басканын карасаңар. Ортодогу мамиле бр кадам алдыга жылганы ушу болсо,, вообще сууну бир жумага токтотуш керек. Пахтасы күйүп кетсин. Азыр момент пайдаланыш керек.