super.kg logo

Кочкордо кармалган мадыл учурда реабилитациялык борбордо

 

Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес жердеги Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар сейрек кездешүүчү мадыл жандыгынын баласын кармап алгандыгы тууралуу кабар SUPER.KG порталына жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынган эле.

Жапайы мышыктын жарадар экенин угуп, НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы) уюмунун кызматкерлери атайын Кочкорго барып, аны таап Бишкекке алып келишкен. Жандык 28-июнда Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жеткирилген. Учурда ветеринардык адистин көзөмөлүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына НАБУ уюмунун алдындагы Мыйзамсыз аңчылыкка каршы "Барс" тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев билдирди.

"Мадыл ветеринардык адистин көзөмөлүнөн өттү. Адистин айтымында, жандыкты 13-15 күн реабилитациялык борбордо кармап, андан кийин эркиндикке коё берүүгө болот. 28-июнда Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жеткирилген. Көп күн ачка жүргөндүктөн бир аз ооруду. Азыр абалы жакшы. 16-июлда кармалган жерине алып барып, элге мадыл жаныбары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин коё берүүнү пландап жатабыз", - дейт К.Дүйшеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: