super.kg logo
  Саясат  

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 1-июлда "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы 26-майда кабыл алынган.

Мыйзам калкты кургак учуктан сактоо жаатында мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" мыйзам жоболорун “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга, “КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “КРнын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдарга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынды.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору өкмөттүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын саламаттыкты сактоо, ветеринария жаатында ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мындан тышкары кабыл алынган мыйзам тактоо мүнөзүндөгү оңдоолорду камтыйт.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: