Жалал-Абад. Ташиев, Мамытов жана Жапаровдун бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялагандардын бүгүнкү абалы






Жалал-Абад облусунда ЖКнын депутаттары К.Ташиев, Т.Мамытов жана С.Жапаровдун боштондугун талап кылып ачкачылык жарыялап отургандардын талабы дале күчүндө. Алгач ушул жылдын 4-5-октябрь күндөрү Барпы айылынын аймагынан Бишкек-Ош унаа жолун тоскон эл 5-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык акциясын башташкан болчу. Башында 9 адам ачкачылык жарыялаган болсо, 10 күн аралыгында алардын саны 40ка жеткен. Азыркы күндө жалпысынан 26 адам бул акцияны улантууда. 80 жаштагы Бурганай Калматованын айтымында, энелер өз талаптарынан кайтышпайт. "Биздин уулдарыбыз боштондукка чыгарылышы керек. Түнү-күнү астыбыздан өткөн суукка карабай ушул жерде отурабыз. Абалы начарлап ооруканага түшкөндөрдү врачтар жакшы карабай жатышат. Аз эле болду, кош бойлуу келинди үйүнө жөнөтүп жибердик. Элдин камын ойлогон уулдарыбыз үчүн керек болсо өлүмгө да даярбыз. Эгер энелердин үнүн укпай отура беришчү болсо, анда аларды чыгарып алуу үчүн түрдүү кадамдарга барабыз",- дейт.
Автор: Гүлжан Эшбаева
Учурда ачкачылык жарыялагандардын абалына шаардык "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшерлери нөөмөт менен көз салышууда. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө эки эненин кан басымы бийик жана суук тийгизип алгандар бар. Аларга дарылар берилип, абалы каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

