super.kg logo

Маршруттук таксиден жүргүнчүнүн акчасын уурдаган 34 жаштагы шаар тургуну колго түштү

 

"Маршруттук таксиден жүргүнчүнүн акчасын уурдаган" деген шек менен Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну колго түштү.

Бишкек ШИИББинен 2-июлда билдиришкендей, Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.А. милицияга арыз менен кайрылган. Анда 7-июнь күнү Бишкек шарынын Жибек-Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук таксинин ичинен белгисиз адамдар чөнтөгүнөн 3000 сом акчасын жана паспортун уурдап кетишкендиги тууралуу бидирген. Арыздын негизинде Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизинде Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну Т.Н. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушундай сыяктуу дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
02.07.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазасын катту берсин !
02.07.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле ошол адам экенине ким ишенет? Же дагы бир шордууну кармап куйгузуп жатышкандыр? Азыр акчасы бар адам кандай кылмыш кылса да чыгып,акчасы жоктор жалган жалаа менен куурап жаткан заман. Чындык чыркырап эле куйуп кул болгон заман.
02.07.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977 сизда туура айтып жатасыз,Ооба азыр чын айтканга ишенбей,калпка бат эле ишенип калган заман,бирок бул окуя чын болушуда мүмкүн,себеби менда маршруткада башымдан ушундай окуя откоргом,чоон эле аял киши менин жөнөкөй телефонумду уурдап алган,аны менин артымлагылар көрүп калып мага айтып коюшат,барып сурасам моюндаган эмес,өз номериме чалсам эженин колундагы тел чынгырап атсада уялбай өзүмдүн телим дейт,анан колунан жулуп баса берген элем
02.07.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да 199марш бараткам 1 студент кыздын телефонун уурдап алып тушуп кетиптир кыз байкуш эсин жоготуп Фучиктеги больнцага алып барып врачтардын жардамы менен озуно келтирдик келтирдик
02.07.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jonathan88 беш кол тен эмес андай жузу кара адамдар да бар ошол чон эле аял киши ошондой жорук жасап жатса балага энеден сут аркылуу отот дешет. Ар ким жаман адаттан арылуу учун аракет кылбаса мындай жоруктар укумдан тукумга чейин кан аркылуу ото берсе керек. Ошон учун ар бир ата эне баласын озунун жакшы журум туруму менен тарбиялаш керек,озу жаман адам онгого кандай жакшы тарбия берсин оомал токмол дунуйо.
02.07.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча акча урдаса,ошончо жыл берип отургузуп койгула.Экинчи эч ким урдабайт.Бирок бул бала бат эле чыгып кетет,кыргызчылык менен.
02.07.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо кундору жакшы иштерди жасаш керек
02.07.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урса буканы олтуро турган кучу менен уурулук кылып жан багат.намысы жок колун сынгыр!)
03.07.2016. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулук эч качан жакшылыка алып келбейт
03.07.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы табылыптыр. Менда алдырдым эле ошол жерден табылбай калды паспортум.
03.07.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы табылыптыр менда ошол жерден алдыргам табылбай калды паспортум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: