Багдаддагы жардыруудан каза болгондордун саны 165, жаракат алгандардын саны 168 адамга жетти

2-июлдан 3-июлга караган түнү Ирактын борбору Багдад шаарында эки жардыруу орун алган. Жардыруунун алгачкысы мусулман шииттер чогулган диний борборго жакын жерде болсо, андан көп өтпөй экинчиси борбордун түндүк тарабындагы "Аш-Шааб" базарында орун алган. Андан каза болгондордун саны 165, жаракат алгандардын саны 168 адамга жеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары укук коргоо органдарына таянып жазышууда. Анда айтылгандай, жаракат алгандардын көпчүлүгүнүн абалы оор болуп жаткандыктан каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Алардын арасында жаш балдар дагы бар.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ бул жардырууну уюштурганын мойнуна алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-1

Бизде да шииттердин пайда болушу кооптуу болуп жатат.
Негизи эң жакшы мамлекети АКШ жок кылды бастырып кирип. Тыпынч жаткан өлкөнүн тынчтыгын бузуп, убалы тийсе керек эми .
Бизге окшоп бирден адамды күзөткө коесуңарбы ? :))