Пакистанда болгон суу ташкыны 30дан ашык адамдын өмүрүн алды

Пакистандын Читрал аймагында болгон суу ташкыны 30дан ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-июль күнү чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, 2-июль түнү Пакистандын Ооганстан менен чектешкен Читрал аймагында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Суу ташкыны ондогон үйлөрдү жана бир мечитти агызып кеткен. Ошол учурда мечиттин ичинде намаз окуп жаткандар да болгон. Айрымдары суу алдында калып каза табышса, айрымдары дайынсыз болууда. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, былтыр да ушул аймакта сел жүрүп, 37 адамдын өмүрүн алган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aduk_aksuu

04.07.2016. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мечитте намаз окуп ибадат кылып жаткандарды аллахым жайын жаннатан кылсын шундай орозо күндөрү ыйык күндөрдө болуптурда апаат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.