Казакстандын Балхаш көлүнө балык уулаганы барган кыргыз жараны дайынсыз болууда

Казакстандын Балхаш көлүнө балык уулаганы барган кыргыз жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, 1-июль күнү Казакстандын Жамбыл облусундагы Балхаш көлүнө 11 кыргыз жараны балык уулаганы барган. Алардын бири 29 жаштагы Максим Пивоваров көлдүн ортосуна кайык менен барып, дайынсыз жок болуп кеткен. Учурда окуя болгон жерде казакстандык 4 суучул издөө иштерин жүргүзүп жатат, азырынча натыйжа боло элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.