super.kg logo
  Саясат  

Мыйзамсыз жол менен вагондорду ижарага берген деген шек менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери кармалды

 
Мамлекетке 55 миллион сомдук зыян алып келген деген шек менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жооптуу кызматтагы өкүлдөрү кармалды. ИИМ билдиргендей, аталган кызматкерлер 2008-жылы март айында жетекчилиги жана тийиштүү органдар менен макулдашпай туруп казакстандык "Марал-Нур" жана "Туран-Экспресс жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниясы" жүргүнчүлөрдү тейлеген вагондорду ижарага берүү тууралуу келишим түзүүгө жетишишкен. Натыйжада казактарга бизден 60 вагон берилген. Кийин кайра ижара акысыз жана оңдоодон өтпөгөн калыбында Кыргызстанга 51 вагон кайтарылган. Ижара акысынын баасы эле 884 миң долларды түзө турганы айтылууда. Мындан сырткары бир катар акча каражаттарын мыйзамсыз сарптаган деген шек менен аталган ишкананын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Ишти Башкы прокуратура жүргүзмөкчү.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: