Дордой жаңы конушунда 1 жашар кызды сүзүп алган жаран: "Куурчак болсо керек деп ойлогом"
Дордой жаңы конушунда 1 жашар кызды сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Жол-патрулдук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 29 жаштагы айдоочу унаасын артка айдап жатып 1 жашар кызды сүзүп алган. Бирок айдоочу биринчи жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Ал эми айдоочу ошол эле күнү кармалган. Көрсөтмөсүндө “бир нерсени сүзүп алгандай болгом, куурчак болсо керек деп кетип калгам” деп айткан.
Учурда жогорудагы факт боюнча тергөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Айдоочу дагы атайын тебелебейт, бирок алды артын караса болмок, Энесинин козу каякта калыптыр?! Ботом, 1 жаштагы наристени кароосуз дагы калтырабы?! Энесинин шалаакылыгынан болуп жатпайбы.
Апасы каякта ?