Саламаттыкты сактоо тармагында окуган студент жылына 39 миң сомдой төлөсө, окуусун бүткөн соң 5 миң сомдук ишке орношот
Жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда контракттык негизде окуунун минималдуу наркы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №191-"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому аркылуу акы төлөп билим алуунун баасы белгиленип, билим берүүчү уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилет жана монополияга каршы ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну талап кылбайт.
Адистик
|
Адистиктердин коддору |
Өлчөм (сом) |
Билим берүү тармагы |
51/52/53/54/55 |
26 360 |
Курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм |
52/58/60/62/75 |
26 360 |
Тоо-кен казуу өнөр жайы, транспорт, айыл чарба |
61/63/65/67/73 |
28 996 |
Энергетика |
64 |
30 314 |
Компьютердик технологиялар, телекоммуникация жана байланыш |
59/70/71/69/ |
31 632 |
Жабдуулар, технологиялык адистиктер |
65/68/72/74/76 |
34 268 |
Саламаттык сактоо |
56 |
39 540 |
Таблицада көрсөтүлбөгөн даярдап-багыт берүү (адистиктер боюнча), (искусство жана маданият жаатындагы адистикти кошпогондо), менчиктин түрүнө карабастан, бардык жогорку кесиптик берүүчү уюмдарда келишимдик негизде билим алган студенттер үчүн билим берүү кызматынын наркынын төмөнкү босогосу - 26 360 сом.
Келишимдик негизде искусство жана маданият жаатында билим алган студенттер үчүн билим берүү наркы 26 360 сомдон төмөн болушуна жол берилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, педагогика адистигине өлкө боюнча 330 бюджеттик орун бөлүнсө, саламаттык сактоо адистиктерине 413 орун берилген.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөрүн Бюджеттик саясат жана каржы анализинин башкармалыгынын жетекчиси Асел Рыскелдиева билдирди.
"Мугалимдердин маянасы алардын өткөн сабактарынын санынан көз каранды. Канчалык көп сабак өтсө, ошончолук маянасы жогору болот. Сабактын баасы мугалимдин билим деңгээлинен көз каранды. Орто билимдүү мугалим 5-11-класстагы окуучуларга өткөн бир сабагы үчүн 60 сом алат. Жогорку билимдүү мугалимге бир сабагы үчүн 67,5 сом төлөнсө, магистратураны бүткөн мугалим 75 сом алат. Эгер мугалимдер башталгыч класстар үчүн сабак өтсө, билим деңгээлине жараша алган төлөмүнө дагы 20 пайыз кошулат", - деди Асел Рыскелдиева.
Ал эми дарыгерлердин орточо айлыгы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 13 миң сом болгонун Каржылоо жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Аттокуров билдирди.
"Учурда бул жылдын жыйынтыгы чыга элек. 2015-жылдын отчёту боюнча поликлиникаларда орточо айлык 12 022 сом болгон, стационардык ооруканаларда 13 700 сомду түзгөн. Жогорку окуу жайды бүткөн жаш адистердин маянасы алгач 5 миң сом болот. Андан соң иштеген жылдары үчүн дагы акы кошула берет", - деди Мирлан Аттокуров.




мугалимдер бары паракорлор