super.kg logo

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны" ишке ашыруу 6,6 миллиард сомду түзөт

 

Акыркы мезгилде коомдук уюмдар, активисттер кыргыз өлкөсүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын ратификациядан өткөрүү зарылдыгын айтышууда. Кыргыз жеринде "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны" ишке ашыруу 6,6 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда маалымат жыйынында айтылды.

Катышуучулардын бири Жылдыз Полотова буларга токтолду: "Атайын эксперттик топ Конвенцияны ишке ашыруунун планын түзүп чыкты. Ага ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, жашоосун жакшыртуу, билим алуу жана башка маселелер боюнча чыгымдар 1,6 миллиард сомду түзөт. Ошондой эле 5 миллиарддан ашуун сом бардык талапка жооп берген инфраструктура менен камсыз кылууга кетет.

Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомдук үй менен камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурулган. Бул үчүн 23,5 миллиард сом акча каражаты зарыл.

Мамлекеттик органдар жана БУУнун колдоосу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо боюнча иш-чаралардын планы түзүлгөн. Жалпысынан 36 миллиарддан ашуун сомго 10 жыл ичинде аткарылчу иш-чаралардын планы түзүлгөн".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: