super.kg logo

Тогуз-Торо районунда эл менен милициянын кызматташуусун жакшыртуу максатында эл менен жолугушуу жана спорттук мелдеш уюштурулду

 

Эл менен милициянын кызматташуусун жакшыртуу максатында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жолугушуу жана спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун волейбол, кичи футбол түрү боюнча өтүп, ага Тогуз-Торо районунан 20дан ашуун команда катышты. Алардын арасында мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын командалары да болду. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн саамалыкка бүт айыл аймактарынан спорт ышкыбоздору катышып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана белектер ыйгарылды.

Андан соң Орозо айына карата жергиликтүү элдин башын кошуп 300 адамга ооз ачуу үчүн дасторкон жайылды. Анда элди ынтымакка, биримдикке үндөгөн кайрылуулар менен кошо элге облустук казынын катышуусунда салттуу ислам динин даңазалаган баяндар айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.07.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: