Алмазбек Атамбаев өзүнүн "Судьбе назло" ырын студиядан 2 ай мурун жаздырган
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзүнүн аткаруусундагы "Судьбе назло" ырын студиядан 2 ай мурун жаздырган. Маалыматты бүгүн, 4-июлда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди. Анын айтымында, президент аталган ырды жаш кезинде жараткан. "Президент мындан башка ырларын да ырдап коомчулукка жарыялашы мүмкүнбү?" деген суроого Үсөнов: "Айтпай эле коёюнчу, баары өз убагында болот", - деген жооп узатты.
Белгилей кетсек, президенттин аткаруусундагы ыр учурда кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жатат.
Президент Атамбаевдин гитара менен ырдаган ыры
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
9

Жакшы экен .
Ырдагыны жакшыгоо, бирок чек ара жактыда бир карап койсо жакшы болмок!!!