super.kg logo
  Спорт  

"Дордойдун" футболчулары лидерликте келе жаткан "Алганы" утуп, атаандашын упай катыштыгында артта калтырышты (фоторепортаж)

 

2-июль күнү футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик клубдар "Дордой" менен "Алга" беттешти. Жыйынтыгында "дордойчулар" 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болушту. Учурда "Дордой" карамагындагы 29 упайы менен 2-орунду ээлеп келүүдө ("Алай" менен упайларынын саны тең, болгону кошумча көрсөткүчтөрдөн улам артта калууда).

Оюн башталар замат "дордойчулар" каршылаш дарбазага чабуул коюшту. Бул чабуулду токтотууда "Алганын" коргоочулары эреже бузууга мажбур болушту. Топко келген Анатолий Власичев сол буту менен топту дарбазага таамай багыттап, эсепти ачты.

Гол жаратуу менен ишенимдүү оюн алып бара баштаган "дордойчулардын" экинчи голу көп күттүргөн жок. Майдандын борбордук бөлүгүнөн атаандаштын коргонуусуна чейин топ менен чуркап барган Курсан Шератовго каршы эреже бузулду. Бул эпизоддо калыс дарбазадан алыс эмес жерге айып соккусун белгиледи. Бул ирет Авазбек Откеевдин соккусу дарбазадан орун алды: 2:0.

Александр Бельдиновдун машыктыруучулукка дайындалышы менен акыркы сезондо оюнун жакшырткан "Алга" күйөрмандарын көпкө кубанта алган жок. 86-мүнөттө "Дордойдун" дарбазачысы Валерий Кашубанын атаандашы Павел Сидоренкого каршы ойноодо эреже бузулду. Калыс "Алгага" пенальти тебүү укугун берди. Ильдар Амиров 11 метрлик айып соккусун дарбазага таамай багыттап, көңүл жубатчу топту жаратты.

Кошумчалай кетсек, ушуну менен өлкө чемпиондугунда 2-айлампа аяктады. Командалар 10-сентябрга чейин эс алууга чыгышмакчы. 2 айлампанын жыйынтыгында мелдеш жадыбалындагы абалга көз салып коюңуз...

Мелдеш жадыбалы:

1. "Алай" (Ош) - 29 упай

2. "Дордой" (Бишкек) - 29 упай

3. "Алга" (Бишкек) - 27 упай

4. "Абдыш-Ата" (Кант) - 16 упай

5. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай

6. "Кара-Балта" - 7 упай

7. "Ала-Тоо" - 6 упай






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.07.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тезинен ондоп койгула 1-орунда Алай кетип атат
04.07.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин футбол футбол деле эмес да. Чокмолоктошуп жө эле ит талаш.
05.07.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Futuro,коргун келбесе сени ким кор деп жатат
коч бара бара туздолот
05.07.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл форма Алганыкыбы?Бавариянын формасына почти копия экен го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: