СУПЕРСТАН: "Эч ким көрбөгөн, эч ким укпаган жерге барып эс алгым келип жүрөт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жашоодон тажап, бардык нерседен чарчаган учурларыңыз болобу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Болот, бардык нерседен тажаганда музыканы катуу коюп, кулакка наушник салып, дүкөн кыдырып акча коротконду жакшы көрөм. Бассейнге барып сууда сүзгөндө стресстен арылам".
"Чукул стресске алдырбаганга аракет кылам. Оюма жаман нерсе келген учурда кайдан-жайдан башка оптимисттик ойлор пайда боло калып мурунку негативдүү ойлорду жок кылып таштайт. Болбой баратса китеп окуйм. Китеп окусам өз көйгөйлөрүмдү бир азга болсо да унутуп, башка ааламга түшүп калгандай болом. Сууга түшүү да жардам берет. Балыктардын сууда сүзүп жүргөнүн бир саамга карап турсаң да жакшы, нервди калыпка салат. Классика жанрындагы жагымдуу кайрыктар да жардамга келет".
"Жашоодон тажай элекмин, бирок чарчап жатам. Эч ким көрбөгөн, эч ким укпаган жерге барып эс алгым келип жүрөт".
"Азыр менде ушундай абал болуп жатат. Бул абалдан кандай чыгыш керектигин өзүм да билбей отурам".
"Жакын адамыма жарылып, жеңилдегенимче ыйлап албасам кыйналып кетем. Ошондой учурда да "баары өтөт" деп, алдыдагы жакшы күндөрдөн үмүт үзбөгөнгө аракет кылам".
"Тобо кылдым, ушунчалыгына Кудайыма чексиз шүгүр, бирок акыркы күндөрү баарынан тажап, баарына чоң чекит коюп өзүмчө жашагым келип жүрөт. Айласыздан, намыс үчүн баарына чыдап келе жатам. Буулугуп кеткенимде өзүмдөн өзүм ыйлап, бугумду чыгарганга аракет кылам, бирок баары бир түбүндө калдыгы калып калгандай. Бугумду кимге айтышты да билбейм, араң жүргөн ата-энемди ойго салайынбы? Жалгыз эжемдин өзүнүн чачынан көп түйшүгүнө өзүмдүкүн кошумча кылайынбы? Досторума айтып баарына жарнама кылайынбы? Эч кимге сүйлөгүм келбей калды, айласыздан гана сүйлөгөнгө туура келет. Кыскасы, жарылбаган жарадай, чечилбеген сырдуу сандыктай ичим букка толуп турган кез".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





1 |