super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Элдик революциянын баатырлары эскерилди

 

7-апрель күнү Нарын шаарында 7-Апрель - Элдик революциянын баатырларын эскерүү митинги болду. Иш-чараны шаар мэри Баатырбек Жээналиев ачып, "2010-жылдын 7-апрели кырчындай болгон жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен бир чети каргашалуу, бир чети авторитардык бийликтен биротоло кутулган өзгөчө күн катары тарыхта калды. Бул күн өлкөбүзгө бурулуш алып келген күн катары дайыма эсибизде сакталат",- деди. Курман болгон баатырлардын арбагына багышталып куран окулду. Андан соң облус башчысы Канатбек Муратбеков, ЖКнын депутаттары Чыныбай Турсунбеков жана Дамира Ниязалиева сөз сүйлөдү. Мындан тышкары жеңил атлетика боюнча мелдеш болуп, жеңүүчүлөргө шаардык мэрия тарабынан 15000 сомдук баалуу сыйлыктар тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: