super.kg logo

Алмазбек Атамбаев: "Диний ишенимдер саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Орозо айтка байланыштуу кыргыз мамлекетинин жашоочуларына кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Кадырман мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!

Жүз миңдеген мекендештерибиз мусулманчылыктын ыйык парздарынын бирин аткарып, бир ай бою орозо тутту. Орозо - бир гана денени тазалоо болбостон, баарынан мурда жан дүйнө менен пейилди тазартуу. Орозо - Кудайым берген өмүрдүн маңызы тууралуу ой толгоо мезгили.

Мухаммед пайгамбар чыныгы мусулман болуш үчүн дүйнөнү терең таанууга, ар кандай илимдерге ээ болууга чакырган. Дүйнө таануу – өтө узак, азаптуу жол, аны жалаң гана диний ишеним менен чаташтырбоо керек.

Кыргыздар эркин мүнөзү, байыркы тарыхы, көөнө маданияты, “Манастай” мухитти жараткан тили, бейиштей керемет жери, жарашыктуу кийими менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз мусулман болушкан. Болгондо да мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн кыргыздын салттары, үрп-адаттары менен шайкеш келтирип жашап келатабыз. Байыртадан эле элибиз фанатизм менен радикализмден алыс. Айкөлдүк, адал, каниет кылуу, нысап, напсини тыюу, ыймандуулук деген сыяктуу асыл түшүнктөр эне тилибизде эзелтен бар. Ал эми бул түшүнүктөр ыйык Курандын негизин түзөт эмеспи.

Урматтуу мекендештерим!

Азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдарын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылды. Диний ишеним менен улуттук маданиятты, салттарды карама-каршы коюунун айынан бир улут ичинде, атүгүл бир үй-бүлөдө карама-каршылыктар күчөдү. Ошентип, мамлекеттердин коопсуздугуна, улуттук биримдик менен ынтымакка доо кетип жатат.

Тилекке каршы, бул көрүнүштөн Кыргыз Республикасы да четте калган жок. Динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат. Динчилдер саясатка киришкенде эмне болорун азыркы күндө бир топ араб өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз.

Кадырман момун мусулмандар!

Кыргыз мамлекетинин калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар экени талашсыз. Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул дин таңуулоого муктаж эмес. Болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм. Ислам - тынччылыктын, ынтымактын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн дини.

Урматтуу момун мусулмандар! Мекендештер!

Ыйык Орозо айтыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Ар бир үй бакыт менен ырыскыга толсун!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
05.07.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Рахмат Алмазбек Шаршенович сизди да айт майрамыныз менен куттуктап кетем . Аллахым озу сактасын деп бизда ниет кылабыз кыргызтаныбызды жаман ой,жаман создордон. Аллахым кыргыз жерине жакшылык жана бекем ыйман,ырыскы берсин оомин.
05.07.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Уже кеч. Мындан эки жыл мурда ойлонуу керек болчу. Ал эми азыр бул эсептеше турган куч. Ошондо козун ачпаган, эми бул тарапты карап коюуга кучунуз жетеби, билбедим.
05.07.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Текст соонун жазылыптыр, рахмат!!!
05.07.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Исламофоб менен ооруп калдыңарбы баарыңар ? Дин леп эле асыла бербей эки жагыңарды карагыла. Гейлер КТРден чыкты, бачата бийлеп Алатоо аянтта чыкты . Бул келечектеги жаш муунга таасири тийбейби ? Ушул нерседнн коркпой, анан ыйманга чакырган динден коркот. Ислам дини таза дин, аны бурмалап жаман көрсөкөн батыштын саясаты.
05.07.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_S, оорумак тугул тошок тартып жатып калса деле уже поюз кетти))) Гейлер боюнча бир так позицияны кармануу учун жок дегенде мамлекет каржы тараптан алсыз болбоосу керек да. Бугун "каршыбыз" десе, эртен Гейропа менен Америка сыртын салып калса эмне кылабыз деген кара курсактын камы да бул. Элдин ою менен эсептешкен заман дейсизби.
05.07.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_S кечирип кой тууганым байкабай минус басып кетти сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: