super.kg logo

Ысык-Көл облусундагы ипподромду курууга жалпысынан 988 миллион сом бөлүндү

 

Ысык-Көл облусунун Бостери айылдык аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоого жана курууга азыркы учурда 988 миллион сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш-чарага жалпы 1 миллиард 234 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаты каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы №594-буйругунун негизинде ипподромду долбоорлоого жана реконструкциялоого керектелүүчү акча каражатын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине тапшырылган.

Ошондой эле ипподромду реконструкциялоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бөлүп берүү үчүн 480 миллион сом каралган. Ипподромдун чуркоочу жолун эл аралык стандарттын деңгээлине жеткирүү максатында 248 миллион сом каралган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №273-буйругу менен 506 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат каралган, анын 260 миллион сому бөлүнүп берилди.

Бүгүнкү күндө каржылана элек акча каражатынын көлөмү 246 миллион сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.07.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не мынча көөп?
05.07.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patriot..kg көп болунбой калса бул ипподром курулуп бүтпөй калатко,чонтоко кирип кетет сол колдун ичинен,анан элге каражаттын тартыштыгынан ушундай болуп калды деген шылтоону айтып кутулушат.
06.07.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne bir turup 1 milliard 300 deit bir turup 900 million
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: