Жайкы каникул: Алмамбет Шыкмаматов жайлоодо, Айнуру Алтыбаева Ысык-Көлдө эс алат (тизме)
Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" фракциясы: “Жайкы каникулдун жарымын шайлоочулар менен жолугушуп өткөрөм. Жарымын жайлоодо өткөрсөм деп турам”.


Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" фракциясы: “Жайкы каникулдун жарымын шайлоочулар менен жолугушуп өткөрөм. Жарымын жайлоодо өткөрсөм деп турам”.

Дастан Бекешев, КСДП фракциясы: "Бир сөз менен жооп берсем, иштейм. Азырынча иштеп жатам. Эс алууга сыртка чыкпайм".

Максат Сабиров, "Республика-Ата Журт" фракциясы: “Бүгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Айт намазга катыштым. Жакында Москвада Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган гандбол оюну боюнча мелдеш өтөт. Бул оюн боюнча өлкөбүздүн федерациясынын президенти катары балдарды алып барып келем. Ал жактан келип жолугушууларды баштайбыз. Башка өлкөлөргө барып эс алуу планым жок”.

Аида Салянова, "Ата Мекен" фракциясы: "Жайкы каникулда Нарын облусунун Ат-Башы районуна барып келем. Негизинен Бишкек шаарында эле болом".

Айнуру Алтыбаева, КСДП фракциясы: “Кечээ Жогорку Кеңештин аялдар форумун өткөрдүк. Азырынча эс алуу жок. ИИМдеги реформаларды парламенттик көзөмөлдөө боюнча маанилүү ишим бар. Анын алкагында бир нече форум өтөт. Аларга катышкандан кийин Жогорку Кеңештин Ысык-Көлдөгү пансионатына балдарым менен барып эс алам”.

Искендер Матраимов, КСДП фракциясы: “Учурда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатам. Бүгүн Кара-Суу районунун Агартуу айылында Айт намазга катыштым. Планымда сыртка чыгып эс алуу жок. Буюрса, Ысык-Көлгө 10 күнгө барып эс алып келебиз”.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 30-июнда биринчи сессиясын расмий түрдө жаап, жайкы каникулга тарашты. Эми депутаттар июль-август ичинде эс алып, аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүп 1-сентябрда ишке чыгышат.
Парламент жыйындарында эл өкүлдөрүнүн айткан сөздөрү, кылган иштери коомчулукта ар дайым талкуу жаратат. SUPER.KG порталы депутаттар жайкы каникулду кантип өткөрөрүн сурап, төмөнкүдөй жоопторду алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
1

Комментарийлер(5)
dasta

05.07.2016. 16:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журоо бергилее силер ес алып мазза кылып олкодо кризис болуп жатса. Ошондон коро иштебейсинерби каникулду жыйыштырып еле
nursultan.91

05.07.2016. 16:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыкты айтышат беле сага,малайзияга,турцияга барып эс алам деп.
mts0001

05.07.2016. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушулар эмне иш кылганына эс алышат тушунбоймда,?????
mishonia8077

06.07.2016. 01:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай чарчадынар барып эс алып келегойгула Аллах ыйман ынсап бергирлер
Arslan12

06.07.2016. 03:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушулардыкы эле жыргал да каалаганы жайлоодо, кааласа колдо, пансионат тыйын эле турса керек,кааласа сессияга келбей койсо!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.