super.kg logo

Балыкчы-Корумду жолу 2016-жылдын 1-июлуна карата 680 миллион сомго каржыланды

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун курууга 2016-жылдын 1-июлуна карата жалпысынан 680 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган акча каражаты республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №194-буйругун КРнын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен аткаруу максатында КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментине 500 миллион сомду бөлүп берүү үчүн каралган.

Эске сала кетсек, 2015-жылы куруу жана оңдоо тизмегине ылайык, Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо иш-чараларына бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 180 миллион сом бөлүнгөн.

"Азыркы учурда Транспорт жана жол министрлиги каржыланган 500 миллион сомдун алкагында башкы аткаруучу уюмга акча каражаттарын бөлүү иштерин жүргүзүүдө. Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинин Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга 1 миллиард сом бөлүү маселеси боюнча чечим расмий түрдө түшө элек", - дешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.07.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жолду салуунун кажети бар беле? Эски жолду калтырып,тоонун этеги менен алып отсо болмок.Буга чейинки жол нормальный эле болчу.Бул жол айыл ичинде уйлордун жанынан ото тургандай болуп калыптыр.Мунун кесепетинен кийин авариялар коп болушу мумкун.Бул жолдун айынан туристтерге да аябай кыйын болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: