Түркия президенти аэропорттогу жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында кыргыз жарандары да бар экенин айтты
"Стамбул шаарындагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында Тажикстан, Дагестан жана Кыргыз Республикасынын жарандары бар". Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айтканын 5-июлда түркиялык ММКлар жазышууда. Анын айтымында, жардырууну "Ислам мамлекети" тобу уюштурган. Шектелип кармалгандардын саны 30 адамга жеткенин белгиледи.
Түркиянын маалымат булактары 3-июлда Стамбулда “Ислам мамлекети” тобу менен байланышта болгон” деп шектелип 2 кыргыз жараны кармалганын кабарлашкан. "Алардын сумкасынан аскер кийими, дүрбү жана 3 кыргыз паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүк табылган. Шектүүлөр камакка алынышты", - деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.














1 |